7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки адамды бычактаган шектүү окуянын чоо-жайын айтып берди

176

Эки адамды өлтүргөн жарандын көрсөтмөлөрү жеринде текшерилди. Бул тууралуу ИИМ шектүүнүн окуяны баштан-аяк айтып берген видеосун жарыялады.

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы кармалган жаран 2006-жылы туулган И.С.нын катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин ( Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.

Андан ары, И. С. үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

ИИМ бул тергөө амалдарын жүргүзүү шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана иш боюнча далилдерди бекитүүгө мүмкүндүк бергенин белгилейт.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

177