7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки ай ичинде 133 киши каржы пирамидаларына алданып, 61 миллион сом чыгым тартышкан

676

Бир катар каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2 айында эле тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91 сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны — 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык болгон.

Жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган “кайрымдууларга” карызга батып, акча берип алданып келет.

«Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат. Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.

Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашыра алышат.

Ак эмгек менен тапкан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурда, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок.

Бул сиздин акчаңызды коргоо максатында болуп жатат. Жана эсиңизде болсун! Чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелчиликтерсиз болбойт!»,- деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677