7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эки өлкөнү тарых, маданият тыгыз байланыштырып турат». Талант Мамытов Аксакалдар кеңешинин төрагасын кабыл алды

502

Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-марттагы жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана бул жааттагы аксакалдардын ролу тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы салттуу боордоштук мамиле жана кызматташтык жигердүү өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи.

«Эки өлкөнү стратегиялык өнөктөштүк алака менен катар орток тарых жана маданият тыгыз байланыштырып турат»,- деди.

Муну менен катар 2021-жылдын июнь айында өткөн эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда бир топ келишимдерге кол коюлганын эске салды.

«Глобалдык дүйнөдө саясий-экономикалык каатчылык курчуп турган учурда ата-бабаларыбыздын жолун улаган аксакалдарыбыздын айткан кеңеши өтө маанилүү. Айрыкча, өлкөлөр ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашырууда Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин ролу жогору»,- деп кошумчалады.

Андан тышкары, парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселелери тууралуу да сөз кылган төрага, аталган багыт тышкы кызматташтыкта артыкчылыкка ээ экенин белгиледи. Ошондой эле Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин кезектеги отурумун быйыл Кыргызстанда өткөрүү мерчемделгенинин маалымдады.

Өз кезегинде Бинали Йылдырым алгач Нахчиванда негизделген Түрк тилдүү мамлекеттердин бирикмеси, өткөн жылы Түрк тилдүү мамлекеттер уюму катары кайрадан түзүлгөнүн белгиледи.

«Муну менен катар Аксакалдар кеңешинин да ролу жогорулап, мааниси артууда. Кеңештин кезектеги отурумун быйыл Манас бабабыздын жери Таласта же Ысык-Көлдө июль айында өткөрүүнү көздөп жатабыз», — деди.

Мындан сырткары, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VIII Саммитинин алкагында президенттер тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040″ документи кабыл алынгандыгын эске салган Бинали Йылдырым.

«Анда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, билим берүү, маданият өңдүү тармактарда кызматташтык жол картасы белгиленген. Андыктан кызматташтыгыбыздын келечеги кең. Түркия заманбап технологиялык парктарды ачуу жаатында Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр», — деп кошумчалады.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөөрүн айткан Бинали Йылдырым Төрага Талант Мамытовду аталган маданий-спорттук иш-чарага конок катары күбө болуп кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503