7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды

434

Уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Айдаров Нургазы Абдыраевичке издөө жарыяланды.

Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде «Салимбай байвоча» (Борбордук Азия өлкөлөрүндө баңги каражаттарын ташуу каналынын негизги уюштуруучуларынын бири ) катары белгилүү болгон Өзбекстан республикасынын кылмыш дүйнөсүнүн лидери С.Абдувалиевдин ишмердигин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс – депутаты-Айдаров Нургазы Абдыраевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Н.Айдаров С.Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана  «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөткөн, ал өз кезегинде Н.Айдаровдун КР жана Өзбекстан республикасынын  аймагында жүргүзүп жаткан ишкердик жана башка иштерине колдоо көрсөткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Н.Айдаровго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

 

435