7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экспертиза 3 окуучу тарабынан зордукталган майып кызды таза деп чыгарды

343


Экспертиза ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кыздын зордукталгандыгын тастыктаган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 2020-жылдын 23-ноябрында Г.И. аттуу жаран 2020-жылдын 17-августунда жашы жете элек кызын зордуктап, андан кийин качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.


Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Зордуктоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


Милиция кызматкерлери шаардагы атайын мектептердин биринин 17 жана 18 жаштагы эки окуучусун суракка алган. Алар жабырлануучу менен эч кандай байланышы жок экендигин айтышкан. Ошондой эле экспертизада эч кандай травма, кош бойлуулук жана жыныстык дисфункция аныкталган жок.


Окуя болгон жерди текшерүү учурунда табылган шейшептердин соттук-биологиялык экспертизасы төшөктөн эч кандай биологиялык калдыктар табылбагандыгын көрсөткөн.

Жабырлануучунун психикалык абалын текшерүү үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындалды. Бирок, ушул күнгө чейин арыз ээси жана анын кызы белгисиз себептерден улам дайындалган экспертизага келишкен жок.


Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кызды үч өспүрүм зордуктаган деген маалымат берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

344