7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл артисти Айтажи Шабданова 75 жашында дүйнөдөн кайтты

778

17-апрелде 75 жаш курагында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы, КРнын эл артисти Айтажи Шабданова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Шабданова Айтажи 1946-жылы 16-июнда Ош облусунун Араван районунда туулган. 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган.

Айтажи Шабданова жаш кезинен театрга кызыгып, 14 жашында С.М.Киров атындагы (азыркы Бабур театры) Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында өз өнөрүн көрсөтүп баштаган.

Өз өмүрүн кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган А.Шабданова өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин театрда иштеп келген.

Анын өзбек, кыргыз, казак, тажик, азарбайжан, уйгур тилдеринде аткарган ырларын, жараткан образдары азырка чейин көрөрмандардын көз алдында.

Бабур театрынын сахнасында Курманжан Датка (С.Раев. «Канышанын көз жашы»), Биби Ханум (Ж.Садыков «Бабур»), Толгонай (Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»), Адалат (С.Абдулла «Адалат») сындуу бир катар образдары жогорку чеберчиликте аткарган. Айтажи Шабданованын кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон эмгеги өз баасын алып, 1975-жылы Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 1999-жылы «Даңк» ордени менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

779