7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

694

Бүгүн, 5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды.

Сталбек Алмасбековдун ысымы биздин республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алмата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган.

Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695