7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат

604

Өлкө боюнча эл каттоочулар бүгүн, бешинчи күн иштеп жатышат. Бул тууралуу Улуттук статистика камитети билдирет.

Маалыматка ылайык, эл каттоонун биринчи күнүндө, 25-мартка караган түнү эки аэропортто (Ош шаарында жана Бишкек шаарында – “Манас” аэропорту) эл каттоо жүргүзүлдү. Ал жерде өлкөдөн чыгып кетип жаткандар катталды.

Эл каттоонун биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров интервью берди. Анын үлгүсүндө өлкөнүн көптөгөн жашоочулары аларга келген каттоочуларга маалымат берүү менен каттоодон өтүп жатышат.

Мындан тышкары, эл каттоонун биринчи күнүндө 25-мартында – мейманканалардын тургундары, ооруканада жатып дарыланып жаткан оорукана уюмдарынын бейтаптары, ошондой эле санаторияларда, эс алуу үйлөрүнө жана башкаларга келгендер каттоодон өткөрүлдү.

Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган «ишеним телефонуна» (тел. 1216) негизинен борборубуздун жашоочулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берүү менен кайрылып жатышат. Эл каттоонун жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып жатат.

Ушул жылы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин өтөөрүн эсиңиздерге сала кетели.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605