Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 1-марттан 31-мартка чейинки мезгилде Орусияда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу маалымат берди. Маалымат расмий сайтка жарыяланды.
Элчилик Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам иретинде жардам көрсөткөн. Мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилген.
«Орусиянын аймагында турмуштук оор кырдаалда турган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүүнүн алкагында, үй-жайы жок жарандарына өздүк документтерин калыбына келтирүүгө жана мекенине кайтып келүүгө көмөк көрсөтүү иштери башталды»,- деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чаралар жүргүзүлдү:
Кызматтардын/иш-аракеттердин аталышы | Саны |
Жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө | 1 882 |
ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо
|
735 |
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө | 277 |
Жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү | 991 |
ID-паспортторду берүү | 470 |
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү | 290 |
Мекенге кайтууга күбөлүк берүү | 1 297 |
Консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу | 1 794 |
ПИН дайындоо / оңдоо | 1 022 |
Документтерди суратып алуу | 850 |
Жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү | 263 |
КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу | 36 |
Нотариалдык иш-аракеттер | 77 |
Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү
|
7 |