7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчилик Москвада каза болгон кыргызстандык кыз зордукталбаганын билдирди

756

Москва шаарында 36 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранынын зордуктоодон кийин каза болгондугу тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарга байланыштуу, Элчилик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте бул маалыматты тактоо иштерин жүргүздү.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 3-январында Москва шаарынын Кузьминки району боюнча Ички иштер министрлигине зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган.

КРнын жараны мурун сыныгы, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон улам мас абалында деген диагноз менен Москва шаардык ооруканасынын реанимациясына жаткырылган.

Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки кыргызстандык жаран алынып келинген.

Дарылоочу дарыгердин айтымында, 2022-жылдын 28-февралында КР жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам реанимацияда каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.

Буга байланыштуу Элчилик Россиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757