7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элчиликтерди тынч коюңуздар». Президент Садыр Жапаров элчиликтердин алдына митингге чыкпоону суранды

694

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчалары аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, митингдер сөзсүз болушу керектигин билдирип, бирок элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналгандыктан, алардын алдына митингге чыкпоону суранды.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот. Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы»,- деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695