7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдиу пикир: Өзгөрүүнү каалаган коом Садыр Жапаровду лидер катары кабыл алган

2

Фейсбук колдонуучу Адилет Калыгулов социалдык тармактарда тарап жаткан пикирлерге жооп издеп, ар бирин факты менен тизмеледи.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Азыр “президент досун сатып кетти”, “президент кылды эле” деген сөздөр көбөйүп кетти. Келгиле, эмоцияга алдырбай, фактылар менен карайлы.

Садыр Жапаров камакта жаткан жылдары Камчыбек Ташиев кимдер менен гана союз түзгөн жок?

Өмүрбек Бабанов менен бирге 2015-жылкы парламенттик шайлоодо жүрдү. Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков менен “Үчилтик” деп союз түздү. Бирок жыйынтык чыккан жок. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков тарапта болуп, кызмат күттү. Анысы да ишке ашкан жок.

Демек, саясатта ар ким өз жолун издеген. Бул чындык.

Ал эми Садыр Жапаров камакта отурганда “досумду чыгаргыла” деген ураандар, ыйлап-чакырып пиар кылуу качан башталды? Дал ошол саясий мүмкүнчүлүк түгөнүп бараткан маалда. Эгер ошол учурда чоң кызмат берилсе, ошол эле ыйлоо жана башка аракеттер болмок беле? Ар ким өзү таразалап көрсүн.

2020-жылы эл аянтка чыкканда бир эле ысым жаңырып турган “Садыр! Садыр!” деген. Элдин талабы, элдин толкуну, элдин ишеними ошол адамга бурулган. Ошол учурда эл башка талапкерди кабыл албай турган абалда болчу. Каарданган, нааразы, өзгөрүүнү каалаган коом Жапаровду “бышып жетилген” лидер катары кабыл алган. Чындык ушул!

Бийликке элдин толкуну алып келди. Президент кылып эл шайлады. Бул бирөөнүн “жасаган жакшылыгы” эмес, элдин тандоосу болду. “Президент кылдым” деген сөз бул доомат. Добушту берген. Эл ишенген. Эл шайлаган. Муну бурмалоо туура эмес.

Тескерисинче, Садыр Жапаров досуна ишеним артты. Кеңири ыйгарым укук берди. Коомдо “эки президент бар” деген кеп да тарады. Бул эмнеден кабар берет? Демек, ыйгарым укук, ишеним, мүмкүнчүлүк эбегейсиз болгон.

Бийлик сабырды, тартипти, мөөнөттү сыйлоону талап кылат. Ташиев президент болгусу келсе президенттик мөөнөт бүткөнгө чейин күтүп, саясий маданият көрсөтүшү керек эле. Эртерээк президент болууну көксөгөн тымызын аракеттердин кесепети өзүнө тийди.

Ошондо ким саткын? Эл шайлап берген лидерби? Же берилген ишенимге ыраазы болбой, досунун ордуна көз артып, мөөнөттү күтүүгө чыдабаган адамбы?

Тарых эмоция менен эмес, факт менен жазылат. Элдин тандоосун эч ким менчиктештире албайт. Жапаровду “досу президент кылган” деген түшүнүк элдин добушун жокко чыгарганга тете.

Ошондуктан бүгүнкү талкууда бир нерсени унутпайлы, бийликти досу эмес, эл берген. Эл берген ишенимди эч ким “мен жасагам” деп менчиктей албайт.

3