7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электр энергиясын үнөмдөө керек

744

Октябрь акимиятында 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилине өтүү боюнча райондук штаб болуп өттү.

Электр энергиясы, жылуулук энергиясы менен камсыздоо, жылуулук тармактарын эксплуатациялоо, жылуулук жабдуулары, электр тармактары, суу менен камсыздоо жана канализация, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөөсүнүн учурдагы абалы боюнча маселелер каралды.

Райондук штабдын отурумунун жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө эртең мененки саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин электр тармактарындагы максималдуу жүктөм болгон сааттарда электр энергиясын үнөмдөөнү сактоо зарылчылыгы боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Электр энергиясын жана башка кубаттуулуктарды керектөө боюнча лимиттерди сактоо, жылуулук тармактарынын, жабдуулардын жана отканалардын  иштешине көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди.

«Электр энергиясын, жылуулукту, коммуналдык кызматтарды керектөө үчүн карыздарды өз убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз. Ошондой эле үй шартында жасалган жылытуучу приборлорду орнотуу жана колдонуу сунушталбайт»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745