7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элмирбек Иманалиев: “Экөөбүздөн жетим калган күндөргө, Ээр токумсуз- жайдак кетип барамын”

6266

Асыл жарым! Сабыр кылып тыңдагын,
Билесиңби жүрөгүмдө ким барын?
Ошол бирөө сенден жаман сыздатты,
Андан бетер сен деп канча сыздадым.

Асыл жарым! Туталанбай тыңдагын,
Азыр менин сенден кыйын кырдаалым.
Ал да мени сенден жаман ыйлатты,
Андан бетер сен деп канча ыйладым…

Азап коштоп алтын жаштык жылдарын,
Аз жылынып, көп көргөнмүн ызгаарын.
Эмикиси андан кыйын көрүнөт,
Эңгиредим, жалгыздадым, муздадым…

Асыл жарым! Аяйсыңбы, аягын…
Азап – азап азыр менин абалым.
Экөөбүздөн жетим калган күндөргө,
Ээр токумсуз, жайдак кетип барамын…

Эрк өзүңдө кечир мени, кечирбе,
Эмне өзгөрмөк эзил мейли, эзилбе.
Махабаттын ысык демин ким бермек,
Махабаттан эрте калган жетимге?!.

Бирок баары андай эмес тыңдагын…
Билесиңби көкүрөктө муң барын.
Ошол муңум силер эмес, мен эмес.
Сыздап чыккан, ыйлап чыккан ырларым!

***

Сен экөөбүз эки жээктей
Өйүз-бүйүз жактагы
Болгон менен ортобузда
Көл толкундай баштады.
Ак чардактар менден сага
Сенден мага каттады.
Сага арнап бир ыр жаздым,
Өзүм окуп жүрүүгө.
Ошол ырдан жан дүйнөмө
Бир жылуулук кирүүдө.
Жүрөгүмө катып алып
Ошол аруу дүйнөнү,
Сезимимде бир жаш кайың бүрдөдү.
Сен жакшы түш көрдүн бекен,
Мен ыр жазган түндөрү.
Көрүшпөсөк мейли дейли,
Андан оор бир жери-
Кайра келбес асыл кездин
Кайда калат издери?
Мен ыйласам сенден башка
Соорото алат ким мени?
Али жашсыңАруузатсың,
Студент кыз татына.
Экзаменден башка түйшүк
Түшө электир башыңа.
Менден болсо-
Турмуш катуу бороондоп,
Туш тарапка чачууда.
Тагдыр бурчук таштар менен атууда.
Сенин гана мээримиңдин кубаты
Жетет эле мунун баарын басууга.

***

Сен жанымда болгондо,
Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго.
Сен жанымда жок кезде,
Бата берем оор санаа ойлорго.
Кандай болмок карааныңды жоктотпой.
Сен экөөбүз бир денеде болгондо .

Айрылышпай бирибизден бирибиз,
Тең ачылып , тең жумулуп көзүбүз .
Сүйлөгөндө бирдей чыгып сөзүбүз .
Бөксөргөндө бир бөксөрүп ,
Толгон кезде бирдей толуп көөнүбүз.
Бир ооз менен суу ичип ,
Бир мурундан дем алып ,
Экөөбүздө согуп турса бир жүрөк,
Бирдей үмүт , бирдей арман, бир тилек ,
Ошондо да сени эстеп , элесиңди сагынып ….
Азап чеге берет белем ким билет?

***

Сабырымды сар санаа кыйганда мен:
“Бизге чейин дүйнөдө ыр бар”- дегем.
Ыр барак пери сунган жүз аарчымдай,
Ызалансам соорондум ырлар менен.

Билбеймин кайда алпарат мезгил азоо,
Кимде жок келген жашоо, кеткен жашоо…!?
Акындар таңды тоскон күндөр – өмүр,
Акындар ыр окуган кечтер – жашоо!

Өмүрдүн тизмесине кирбей калган,
Өтүүдө бош күндөр да бирдей жалган.
Акындар күнөөсү жок ыйык жандар,
Арасында бармынбы билбейм, арман…

***

Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда, кайдаа…
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,
Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик.
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө,
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо, не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!
Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…

Пенде экенбиз кантели өлүп – талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…

Алганыбыз көп болду, беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келатат мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби?..

Ар адамды ар жерде арал кылып,
Арабызды коюлайт караңгылык.
Табыша албай калганча үн каталы,
Таап алалы адамды адам кылып.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6267