«Али Токтакуновдун Матраимов тууралуу жасаган материалы иликтөө эмес, пикир», — дейт журналист Элнура Алканова «7-каналдын» түз эфиринде.
Анын айтымында, Али Токтакунов материалында атаган фактылардын баарын тастыктап бере элек.
«Али Токтакуновдун Матраимовду иликтөөсү шек жаратты. Мен кийин байкап баштадым, Азаттыкттын бүт жамааты эмес, ал жердеги жетекчиликте отурган кайсы бир саясатчы менен иштешкен адамдар болгон экен. Кийин, жакында 2 жыл болот Али Токтакунов иликтөө жасаганда мен шек санап ал иликтөөсүн текшергем кайсы фактыларга таянып жатат деп. Себеби, мен канча жыл бул теманын үстүндө иштедим. Иликтеп таппаган фактыларды башка бир журналист көтөрүп жатканын билгим келди. Мен Матраимовду колдоймун деген түшүмө дагы кирген эмес, ойлогон дагы эмесмин. Мен болгону иликтөөчү журналист болгонум үчүн журналисттер кетирген каталарды белгилегем. Эмне үчүн карапайым элди сындай алабыз дагы, биз өзүбүздү сындабашыбыз керек. Ал журналисттик иликтөө эмес, бул пикир деп айтсын анда. Анын айтып жаткан фактылары 2 жылдан бери тастыктала элек. Азыр мына Матраимовду камап койду, буга чейин козголуп келе жатат бирок Али Токтакунов ал жерге өзү дагы келе элек. Эми кандай жол болбосун ошол фактыларды алып келсин, көргөзсүн!», — дейт ал.