7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльвира Боромбаева: Биринчиден, климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын суу ресурстарына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө

22

Биз климаттын өзгөрүшү, суунун аздыгы жана мезгилдик өзгөрүүлөр электр энергиясын өндүрүүгө түздөн-түз таасирин тийгизип, электр энергия жетишсиздиги коркунучун жаратып жатканын көрүп турабыз. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандагы чакан ГЭСтер ассоциациясынын президенти Эльвира Боромбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан негизи электр энергиясын өндүрүүдө гидроэнергетикага таянары чоң артыкчылык болгону менен азыркы заманбап шартта бир гана гидроэнергия жетишсиз.

“Кыргызстан узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү бир гана гидроэнергетикага таянуу менен кура албайт. ГЭСтерден өндүрүлгөн энергия суунун көлөмүнө жана мезгилдүүлүккө көз каранды болгондуктан бул өнөр жай, чакан бизнес жана бюджет үчүн коркунучтуу. ГЭСтердеги электр энергиясын өндүрүү суунун агымына жана жыл мезгилине көз ранды. Ал эми бул көрүнүш өнөр жай, чакан бизнес жана мамлекеттик бюджет үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат.

Энергия булактарын — күн, шамал жана бөлүштүрүлгөн генерацияны — диверсификациялоо бул тобокелдиктерди азайтып, энергия менен камсыздоону туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн кылуу менен бирге экономиканын жана жумуш менен камсыздоонун өнүгүшү үчүн шарт түзөт”, — деди Боромбаева.

Тармак боюнча адистин пикиринде энергия булактарынын ар түрдүүлүгү Кыргызстандын инвестициялык потенциалын көтөрөт.

“Диверсификация — бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун маселеси. Күн, шамал жана башка кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү суу ресурстарына болгон көз карандылыкты азайтып, калкты жана ишкерликти туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат жана экономиканын туруктуулугун жогорулатат. Мындан тышкары, энергия булактарынын ар түрдүүлүгү Кыргызстандын инвестициялык потенциалын көтөрөт. Өнөр жайдын өнүгүшүн колдойт жана узак мөөнөттүү туруктуу өсүшкө өбөлгө түзөт. Бул ГЭСтен баш тартуу эмес, максаттуу толуктоо жана тең салмактуулук болуп саналат”, — деди ал.

Мында адис экологиялык жана инвестициялык багытка токтолуп, төмөнкүлөрдү билдирди:

— Биринчиден, климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын суу ресурстарына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. ГЭСтерге гана басым жасоо кургакчылык жана суунун азайган мезгилдеринде энергетикалык системаны алсыз кылат. Күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү — бул суу экосистемаларына болгон басымды азайтып, таза энергиядан баш тартпастан, өлкөнүн климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусуна жардам берген экологиялык жактан тең салмактуу аракет.

— Экинчиден, инвестициялык багыттан карасак, бир гана энергия булагына көз каранды болгон энергосистема ар дайым тобокелчилик катары кабыл алынат. Электроэнергетиканы диверсификациялоо күн жана шамал энергетикасында жеке долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөр, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргызстан заманбап, туруктуу жана инвестицияларга ачык модель түзүп жатканын көрсөтөт.

Ошондой эле ал өлкө жетекчилиги ишкерлерди инвестор катары гана эмес, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жана инновацияларды жайылтууда стратегиялык өнөктөш катары караганына кубанычта экенин кошумчалады.

23