7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльвира Сурабалдиева №1209 шайлоо участкасында өз добушун берди

318

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добушун берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Атап айтканда, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы №5-кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан № 1209 шайлоо участогунда добуш берди.

«Мен жарандык милдетимди аткарып президентке жана башкаруу формасына добушумду бердим. №1209 шайлоо участкасында саат 12: 00гө карата калктын 10% дан азырагы добуш берди. Форма №2 жоктугунан калктын шайлоодогу активдүүлүгүнүн чыныгы сүрөтү көрүнүп турат. Урматтуу кыргызстандыктар, келечек сиздердин колуңуздарда — мен сиздерди кайдыгер карабоого жана добуш берүүгө катышууга чакырам», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

319