Бүгүн, 12-апрель Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22…+24, Ошто +21…+23 градуска жетет.