7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгек министрлиги: Быйыл социалдык келишим боюнча 25 миңдей жаңы жумуш орундары түзүлдү

141

Кыргызстандагы социалдык келишим программасы быйыл 25 391 жумуш ордун түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 150 миң сомдон 13 331 жаран менен социалдык контракт түзүлдү. Анын алкагында 13 964 жаңы жумуш орундар түзүлүп, 90 пайызын айыл жеринде жашаган аялдар түздү.

Социалдык контракттын катышуучулары бизнес долбоорлорун төмөнкү тармактарда ишке ашырууда:

  • айыл-чарба багыты — 77,7%;
  • кызмат көрсөтүү багыты — 8,9%;
  • өндүрүш багыты — 7,3%;
  • соода-сатык тармагы — 6,1%.

Ошондой эле социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алышууда.

2025-жылы республика боюнча 1 101 социалдык контракттын катышуучусу бизнес багыттарын өркүндөтүү максатында пайызсыз насыя алышты.

Ошону менен бирге региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулган коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын алкагында 10 716 жана жеке ассистент кызматынын негизинде 711 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

142