7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 млн сом. Эми 4 баладан өйдө “Бала Береке” бир жолку төлөм берилип баштайт

22

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку төлөмүн берүү тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, көп балалуу энелерди колдоо жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган балдарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн көрсөтүлгөн энелерге «Бала Береке» бир жолку төлөмүнүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленген:

  • 4-балага – 100000 (жүз миң) сом;
  •  5-балага – 600000 (алты жүз миң) сом;
  • 6-балага – 800000 (сегиз жүз миң) сом;
  • 7-балага – 1000000 (бир миллион) сом;
  •  8-балага – 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
  • 9-балага – 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
  • 10 жана андан көп балага – 2000000 (эки миллион) сом.

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки ар бир баласын төрөгөн, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бала бир жашка толгондо «Бала Береке» бир жолку төлөмү жөнүндө үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат берүүнү киргизүү тапшырылды.

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине «Бала Береке» бир жолку төлөмүн өз убагында берүү үчүн республикалык бюджеттен белгиленген тартипте акча каражаттарын бөлүп берүү тапшырылсын.
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

23