7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми түшүндүкпү? «Жамынып уктаган жууркандын ордуна үйүлгөн урандылардын астында каларыңызды…»

1271

Эми түшүндүкпү?

  • Чын чынына келгенде үйүбүз өтө деле кичинекей жана муздак деле эмес экенин..
  • Жаткан керебеттин, жана жамынган жуурканыбыздын маркасы анча деле маанилүү эмес экенин…
  • Тамагыбыздын тузу, томаты, этинин азы көбү, даяр болбой беш-он мүнөткө кечигип жатканы…
  • Телефонуңуздун, машинаңыздын маркасы…
  • Эс алуучу жерибиз, байлыгыбыз…. Мунун баары чоң мааниге ээ эмес экенин үйрөнүүгө убакыт келди…Млндогон акчага сатып алган үйүбүз бир күнү биздин мүрзөбүз болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүкпү деги?….
  • Үстүңдөгү пальтоңдун баасына караганда, буттарыңды үшүтпөгөн бир бурчтагы эски жууркан, ысык чай, шорпо, нан кандай баалуу экенин сездикпи деги?
  • Бир кездеги жүрөгүн оорутуп алган адамдын көңүлүн алганга убакыт табылбаганы…
  • Жетишпей калган кемеге, толуп калган автобуска кайгыруунун канчалык керексиз экенин сездикпи?
  • Кандай шартта уктаганыбыз эмес, кандай шартта, кандай абалда, кантип ойгонгонубуз же ойгонбой калышыбыз маанилүү экенин…
  • Демейде жамынып уктаган жууркандын ордуна үйүлгөн урандылардын астында каларыңызды… Бул кырсыктар, алааматтар ар дайым сабак болушун унутулбаш керек экенин түшүндүкпү…
  • Байлык, мал-мүлк, кызмат..
  • Булар сага жөн эле убактылуу гана АМАНАТ.
  • Ал эми АДАМГЕРЧИЛИК түбөлүктүү жана зарыл экенин түшүн.
  • Жакындарыңдын баркын бил, көңүлдөрүн сындырба, ичип-жегениңди ысырап кылба…
  • Ишенип берилген бул жашообуз, өмүрүбүз менен качан каякка чейин жетип коштошоорубуз биз үчүн белгисиз…
    Автор: Ali Salih Iflazoglu

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1272