7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жыйындары түз чагылдырыла баштайт

419

Бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын «Онлайн-отурум» долбоорунун алкагында парламент имаратынын эки залына орнотулган камералар расмий ишке киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ишке киргизүү аземинин алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков жолугушту.

Жолугушууда тараптар парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылганын белгилешип, мындан ары да жигердүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин кошумчалашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары гана түз чагылдырылып келген болсо, мындан ары кошумча эки залдагы отурумдар да түз көрсөтүлүп турмакчы. Фракциялардын, тармактык комитеттердин, депутаттык комиссиялардын жыйындары өткөн аталган эки залга камера орнотуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси көмөк көрсөтүп, 60 миң евро өлчөмүндө каражат бөлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

420