7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕРӨБ Борбор Азиядагы башкаруучу директору «Кумтөр» кени боюнча келишимдин түзүлүшү менен куттуктады

676

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жапаров Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, ресурстук жана энергетикалык үнөмдөө, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, өлкөнүн глобалдык жылуулуктун кесепеттерин алдын алуу боюнча эл аралык аракеттерге кошкон салымы эсептелерин кошумчалады.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жакында борбордо энергетика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунушталган, өлкөнүн энергетикалык тармагын трансформациялоо боюнча форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле ал Министрлер кабинети тарабынан даярдалган Антикризистик чаралардын планын белгилеп, кыргыз тарапты Кумтөр кени боюнча келишимдин түзүлүшү менен куттуктады.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда ирригация, айыл чарба жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Финансы институтунун өкүлү республикага агробизнести өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677