Күн мурун эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионаттын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өттү.
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй:
61 кг чейинки салмак ченинде:
- Бекзат Алмаз уулу — «Олимп»-«Изабек»;
- Өмүрбек Асан уулу — РСК;
- Юхан Доктурбек уулу — «Ак-Илбирс»;
- Азим Абдыкалыков — РСК.
70 кг чейинки салмак ченинде:
- Залкарбек Табалдиев — РСК;
- Рустам Кахаров — «Нефтчи»;
- Адис Рахат уулу — РС;
- Икрам Хажимурадов — Ош.
79 кг чейинки салмак ченинде:
- Улукбек Асилбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;
- Жакшылык Байташов — РСК;
- Байтемир Тулобердиев — РСК;
- Кубат Азизбаев — «Тайманбас».
92 кг чейинки салмак ченинде:
- Яков Чаплин — «Тайманбас»-«Изабек»;
- Бекзат Рахимов — Ош;
- Улукбек Сооронбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;
- Апаз Осконбаев — СКАФ.
125 кг чейинки салмак ченинде:
- Арсланбек Турдубеков — РС;
- Музафар Жаппуев — Кант;
- Алисалам Эркин уулу — «Олимп»-«Изабек»;
- Нурсултан Арапай уулу — Чүй.
Белгилей кетсек, чемпионат Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында өттү.



