7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркин Тентишев Мамлекеттик ипотекалык компанияга эки батир белек кылды

832

Мамлекеттик ипотекалык компанияга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев эки батир белек кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тентишев батирлердин ачкычтарын ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөновага тапшырды.

“Президент баштаган демилгесин улай, өлкөдөгү турак жай маселесин чечүүгө салым кошолу деп, үй-бүлөбүз менен кеңешип, биз дагы эки батир берүүнү чечтик”, – деди ал.

Ошондой эле берилип жаткан батирлер “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү” пландалууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 30-сентябрында Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзүнүн Бишкек шаарында жайгашкан эки кабат үйүн белек кылган.

Ал үй сатыкка коюлуп, сатуудан түшкөн акчага программанын талаптарына ылайык келген батирлер сатылып алынып “кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага” берилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833