7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркинбек Осоев: Жол куруу тармагында 11 долбоор ишке ашырылууда

746

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымдагандай, учурда ведомство тарабынан жол куруу тармагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук наркы 10 141,3 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Анын айтымында, курулуш иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жана Талас-Тараз жолунда жүрүп жатат.

Реабилитацияланып жаткан участоктордун жалпы узундугу 143,9 км түзөт. Ал эми бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747