7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртай Искаков: Айдоочулар көмүрдүн бир рейсинен 98 миң сом таап жатышат (ВИДЕО)

144

Жарандык активист Эртай Исаков көмүр ташыган айдоочулар бир рейстен 98 миң сом пайда көрүп жатканын билдирди.

«Кыргызкөмүрдө» тоннасы 2460 сом экен, айрым жеке айдоочулар көмүрдү 8–9 миң сомдон сатып, элге кымбат кылып жатышкан. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик арзан баа менен ташыңыздар деп, жеке көмүр ташыган унааларга чектөө киргизиптир.

Кара-Кечеден көмүрдүн баасы — 1 тоннасы 2460 сом.
Бишкекке жеткирүү чыгымы — 1600 сом (ГСМ жана айдоочунун эмгеги 13 000 сом, күйүүчү май — 350–400 литр). Ошентип, өздүк наркы орто эсеп менен 4000 сом болот.

Эгер 7500 сомдон сатса, бир тоннанадан 3500 сом, бир рейстен (28 тонна жүктөлөт) орто эсеп менен ≈ 98 000 сом пайда чыгат.

Айдоочуларга чакырык: элди кыйнап албай, арзан баада ташып,элди кыйнабаныздар», — дейт Исаков.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

145