Эртең Жакынкы Чыгыштагы 180 кыргызстандык Омандан учак менен Бишкекке келет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекендештер келе турган алгачкы учак таңкы саат сегиздер чамасында аэропортко конот.
Күн мурун президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келе албай жаткан жарандарды алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатканын билдирген. Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, эки учак менен 300 киши келмей болгон. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет.



