Эртең, 4-февралда өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирет.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондорунда кар жаап, туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
 - Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…4;
 - Нарыноблусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
 - Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градуска чейин төмөндөйт.
 
Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт, бирок туман капташы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 2…4° жылуу болушу күтүлөт.



