7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

808

Эртең, 2-мартта Бишкектин кээ бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу маалыматты мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин «Ак-Босого-1», «Ак-Босого-2» суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.

«Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 «Алтынай» балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот», — деп айтылат маалыматта.

809