Эртең, 4-марттан тарта Сауд Арабиясынан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдар жумасына үч жолу аткарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Марипов билдирди.
Ал белгилегендей, президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин тапшырмаларына ылайык, элчилик Сауд Аравиясынын «Flynas» авиакомпаниясы менен ырааттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
«Бул аракеттердин натыйжасында, 4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жандана турганын билдирем. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Маанилүү жагдай: бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган жарандарыбыз ташылат. Ошону менен бирге, Жидда — Бишкек багыты боюнча да каттамдарды калыбына келтирүү маселесин талкуулап жатабыз. Жакынкы күндөрдө жумасына 3 жолу уча баштайт. Биз ар бир жараныбыздын ыңгайлуулугу жана мекенибизге аман-эсен кайтып баруусу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди элчи.



