7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү убактылуу жабылат

151

Бишкекте эртең, 24-мартта унаа кыймылы үчүн Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү — Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеси жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Бул аймакта «Жибек Жолу проспектиси боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу «Бишкексууканал» ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.

152