7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эшатов: Эми Беларустан Кыргызстанга күйүүчү май алынып келинет

208

Кыргызстанга Беларустан белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май ташылып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын запасы азайып бара жаткандыктан, бул маселени чечүү боюнча Министрлер кабинети менен жолугушуулар өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

“Учурда биздин бир компания Беларустан бир компания менен келишим түздү. Анын негизинде күйүүчү май белгилүү бир көлөмдө ошол мамлекеттен ташылып келмекчи. Мындан тышкары, башка компаниялар да Азербайжан, Түркмөнстан жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат”,-деди Эшатов.

Ал ошондой эле акыркы он күндүн ичинде күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1,5 сомго кымбаттаганын белгиледи.

209