7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсин жоготуп… Өспүрүмдөн акча талап кылган милиция кармалды

472

Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Окуя 6-июлда болгон. ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери электрондук тамеки чегип отурган өспүрүмдү айып салам деп коркутуп, акча талап кылып, каражатын банкоматтан чыгартып алган.

Өспүрүм моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, ага геморрагиялык инсульт диагнозу коюлган. Ал эми милиция кызматкери из жашыруу максатында оор абалда жаткан баланы жеринде таштап кеткен.

“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Коркунучта калтыруу” менен кылмыш иши козголду. Шектүү милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

473