7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эттин баасы 600 сомдон ашпайт

223

Кочкор районунда арзан баада эт сатылуучу социалдык жарманке өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында уюштурулууда.

Жарманкенин алкагында район тургундарына арзан баада – 600 сомдон сапаттуу эт азыктары сунушталат. Социалдык колдоого багытталган бул иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлөт.

Жарманке ишемби күндөрү Кочкор районунун борборундагы автобекеттин имаратында өткөрүлөт.

224