7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Евразия университетинин 19 мугалими мыйзам бузуп, анын 3ү кармалды

22

«Евразия университетинде» мыйзам бузуу фактылары аныкталып, 19 окутуучулар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында «Евразия университети» аттуу коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин (НКОУ ЕУ) окуу ишмердигин комплекстүү текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында университеттин айрым окутуучуларына карата расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

“Бул окутуучулар айрым студенттердин сабактарга, модулдук окутууга жана сессияларга системалуу түрдө катышпаганын билип туруп, билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана тиешелүү укуктук актыларды одоно бузуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бул студенттерге мыйзамсыз түрдө баа коюп, ведомостторго киргизишкен. Кылмыш ишинин алкагында жалпы 19 окутуучу аталган мыйзамсыз иштерге катышы бар экени аныкталган. Алардын ичинен үчөө — «К.А.М.», «К.Н.А.» жана «Э. уулу У.» кармалып, КР УКМКнын СИЗОсунун ИВСине камакка алынган”, — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө 287 жогорку билим берүү дипломунун мыйзамсыз берилгендиги аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылып, жокко чыгарылат.

23