7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эжесинин паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган аял кармалды

696

«Манас» аэропортунан Стамбулга эжесинин паспорту менен учмакчы болгон 37 жаштагы кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда чек ара кызматы паспорттогу сүрөт менен документти алып жүргөн адамдын сырткы көрүнүшүндөгү айырмачылыктарды байкаган. Жаран башка бирөөнүн паспортун көрсөткөн. Ал документ анын эжесине таандык экенин айткан.

Тиешелүү материалдар иштелип чыккандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697