Чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында, 2021-жылдын 31-мартында Кыргызстанда Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «КРнын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен.
2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан. Тагыраагы 2024-жылдын 1-декабрына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 236 млн 330 миң 16 сомду түздү. Аны 11 миң 130 ишкер алган.
1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9467 ишкерге 5 млрд 592 млн 684 миң 916 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 663 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 643 млн 545 миң 100 сомду түзгөн.
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.