7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финполдун мурунку башчысы Бакир Таиров тергөө абагынан бошотулду

290

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн сом төккөн. Аны УКМКнын абагынан бошотушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.


Алардын айтымында, 2021-жылдын февраль айынын башында Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн ос төккөн. Кечээ, 17-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн жана прокурордун өтүнүчү менен Таиров УКМКнын абагынан бошотулган.


Эске салсак, 2020-жылдын 11-декабрында УКМК Бакир Таировду мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен мыйзамсыз акча каражатын алуу фактысы боюнча камакка алынгандыгын жарыялаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында боло турган парламенттик шайлоонун алдында Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдардын башчыларынын бирин ири суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаган.

Белгилей кетсек, Бакир Таиров Каржы полициясын 2018-жылдын 28-апрелинен бери жетектеп келген. 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык департаменттин жаңы төрагасы болуп Сыймык Жапыкеевди дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

291