7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Физиев 4-декабрдагы беттеште кайсы өлкөнүн желеги менен чыгат? Рафаэлден жооп

1702

4-декабрда Физиев «UFC on ESPN 31» турниринде Брэд Риддел менен беттешет. Ал «Ушатайка: Спорт-Экспресс» YouTube каналына берген маегинде октагонго нейтралдуу статуста кире турганын билдирген.

«Мен азыр Гондурастын атынан чыгып жатам, бирок желеги жок эле чыгам. Келгиле бул суроого токтолбой эле коелу. Мени колдогон элимдин өкүлүмүн. Менин жанымда жүргөндөрдүн өкүлүмүн. Мени коштоп жүргөн, мени ММАден көрүүгө кызыккан күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Беттешке чыкканда желек менен чыкпайм», — деди Физиев.

Эске сала кетсек, буга чейин UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги астында ойнобой, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкенин билдирген. Себеби, ал Иракта, болжолу Али ибн Абу Талиб мечитинде тарткан видеосунан улам элдин нааразычылыгын жараткан. Көп өтпөй Физиев постун өчүрүп, кайрадан кайрылуу жасаган.

Бүгүнкү күндө ал жеңил салмакта 13-орунда турат. Анын эсебинде төрт жеңиш жана бир жеңилүү бар. Казакстандын жараны, бала кезинде ата-энеси менен Бишкекке көчүп келишкен. Кыргызстанда анын спорттук карьерасы башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1703