Францияда эски дарактарды коргогон мыйзамдар жок. Мындан улам кайдыгер эмес чиновниктер менен коомчулук өкүлдөрү каштан жана эмен дарактарын сактап калуу үчүн атайын сынак уюштурушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Франциянын түндүгүндөгү Ивелиндин жашоочуларынан эң кооз даракты тандоону суранышкан. Бул ирет Күн падышасы катары белгилүү болгон Людовик XIV тушунда болжол менен 1691-жылы отургузулган улуу каштан дарагы «Эң кооз дарак» деп табылган.
Күн падышасы Людовик XIV өтүп бара жатып, дарактын астына чатыр тигип, тамактануу үчүн орун алган. Падышанын ашпозчусу тамактын даамын чыгаруу үчүн каштан дарагынын жалбырагын колдонгон деген да уламыштар айтылып келет.
Уюштуруучулардын айтымында, тарыхый-ботаникалык аспектиден тышкары сынактын негизги максаты жеңүүчү болгон дарактарды коргоо болуп саналат.
«Сулуу дарак» наамы муниципалитеттин каштан дарагын кыйып, анын ордуна коомдук аялдама же унаа токтотуучу жай салууга уруксат бербейт.
Аталган сынак 22 жылдан бери өткөрүлөт. Жалпысынан миңдеген каштан, эмен жан лип дарагы дал ушул сынактын негизинде сакталып келет.