7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол: Кыргызстандын курамасы Кытайлык Тайбэйге каршы беттешет

386

26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын жана Кытайлык Тайбэйдин Улуттук курамалары ортосунда беттеш орун алат. Аталган оюн 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун алкагында өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Көрүүчүлөр үчүн стадион саат 18:00дөн баштап ачык болот. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт. Аталган беттешке билеттер азыртадан үнөмдүү баада kassir.kg сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан. Биринчи турдун оюндары алкагында Штефан Тарковичтин курамасы Малайзия менен сыртта беттеш өткөрүп, 3:4 эсеби менен жеңилип калган, экинчи турда курамабыз өз үй аренасында Оманга каршы кез келип, 1:0
эсеби менен атаандашын жеңген. Эки турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасы тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээледи.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама кийинки раундка чыгып, 2027-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алат.

 

387