7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол: Кыргызстандын курамасы Тажикстандан 1:0 эсебинде жеңилип калды

646

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасы Тажикстандын курамасынан утулуп калды. Беттеш бүгүн, 29-мартта эл аралык Navruz Cup турниринин алкагында Наманганда өттү.

Биринчи таймда кыргызстандыктар активдүүлүгүн көрсөтүп, бир нече жолу кооптуу абалды жаратты. Ал эми 1-таймдын ортосунда талаанын ортосунда чыр чыгып, ар бир командадан бирден оюнчу оюндан четтетилди. Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын курама командасынан, Манучехр Сафаров атаандаш командадан четтетилди.

Ал эми экинчи таймда Тажикстандын курамасы активдүү болуп, 51-мүнөттө пенальти алууга жетишти. Абдурахманов судья менен тартышып кеткендиги үчүн кызыл карточка алды. Ал эми эсептик санды Парвиз Уморбоев ачты. 85-мүнөттө калыс Тажикстан курама командасынын коргоочусу Вахдат Ханоновду оюн талаасынан чыгарып, кайрадан командадагы оюнчулардын санын 9дан кылып теңеди. Кыргызстандын курама командасы жеңилүүдөн качып кутула алган жок. Беттеш 1:0 эсеби менен Тажикстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647