7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук жаратууда

889

Жогорку Соттун башчысы Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууда жана киргизүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 2020-жылдын декабрь айында Башкы прокурор Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына материалдарды Жогорку соттун төрайымы Калиева Г.У.ны жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен кошо жөнөткөн.

«Бирок, ушул күнгө чейин Г.Калиева ар кандай шылтоолор менен анын маселесин Тартип комиссиясында кароо процессин кечеңдетип келет. Белгилей кетүүчү нерсе, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ага карата апелляциялык арыз берилген судьяга жыйналыштын күнү жана орду жөнүндө маалымдалат.

Ошол эле учурда УКМК бардык жарандар мыйзам алдында бирдей экендигин жана жогорудагы процедуралар сот системасындагы коррупцияны объективдүү иликтөөгө багытталгандыгын эскертет.

890