7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлнара-Клара Самат Орусиядагы кыргыз дарыгерлери менен жолугушту

624
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн медицина кызматкерлеринин Москвадагы жана Москва облусундагы ассоциациясынын жетекчиси жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда Москвадагы кыргыз дарыгерлеринин ишмердүүлүгү, алардын жетишкендиктери жана Кыргыз жарандарынын медициналык кызмат көрсөтүүгө байланыштуу көйгөйлөрү жөнүндө пикир алмашуу болгонун элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.
«Гүлнара-Клара Самат кыргыз дарыгерлеринин Орусиядагы статусун, квалификациясын жана ыйгарым укуктарын жогорулатуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле алардын өз мекенинде COVID-19 менен күрөшүүдөгү өзгөчө ролун жана салымын белгиледи.

Орусиянын аймагында иштеген кыргыз дарыгерлеринин бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү, элчилик менен тутумдаштырылган ишти жолго коюуну, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты. Ошондой эле кыргыздардын медициналык коомчулугунун кызыкчылыктарын илгерилетүүгө, Кыргыз жарандарынын ден соолугун сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү макулдашышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625