7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлжан Кулукееванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтабыз

474

Белгилүү журналист, коомдук ишмер, Кыргызстан Журналисттер союзунун экс-төрагасы Абдыкадыр Султабаевдин жубайы Кулукеева Гүлжан Сыдыгалиевнанын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу Журналисттер союзу жана журналист-кесиптештери терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Гүлжан Кулукеева көп жылдар бою Кыргыз Улуттук университетинин жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика факультетинде окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Ал экономика илимдеринин кандидаты, доцент жана профессору болуп үзүрлүү эмгектенип келген. Бир катар илимий эмгектердин автору. Педогогикалык жемиштүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги ардак наамы менен сыйланган.

Мыкты педагог жана илимпоз Гүлжан Кулукеева үч кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн камкор эне, алардын өсүп жетилишине, эл керегине жараган уул-кыздардан болушуна бүткүл эмгегин жумшаган ардактуу инсан эле.

Кыргызстандын Журналисттер коомчулугу белгилүү журналист, жетекчи Абдыкадыр Султанбаевге жана Кыргызстандын Белорустагы элчиси Эрбол Султанбаевге терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кыргызстан Журналисттер союзунун Кеңеши:

И. Балташев, К. Раматов, Ч. Капарова,
Т. Ишемкулов, А. Блиндина, Ш. Костюк,
Д. Мамбетөмүров. Ж. Шайыкова, С. Дуулатова,
М. Жуманазаров, К. Иманкулов, К. Кадыров,
К. Макешов, М. Чечеев.

475