7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Галина Байтерек: «Президент мурдакы муфтий Рахматулла менен жолуккан» деген маалымат жалган

257

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат ажы Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Социалдык тармактарда белгисиз адам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.

Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө.

Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258