Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү 1,07 га аянтты ээлеген гараждардын бир бөлүгү буздурула баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жай 2001-жылдын 8-октябрында, өкмөттүн 608-токтому менен мэриянын муниципалдык менчигине өткөн. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык жерде жайгашкан гараждар үчүн, гараж ээлери ижара акы төлөбөй келишет. Аларга тийиштүү адистер тарабынан бир канча ирет эскертүүлөр берилгенине карабай, келишим түзүшкөн эмес.
Бул жайда адегенде 280ден ашуун гараж болгон болсо, учурда бир тобу бузулуп, таштанды басып, 220дан ашык гараж калган. Учурда алардын айрымдары менен сот иши жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, алдыда гараждар толугу менен буздурулуп, ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.