7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гарвард университети чет элдик студенттерди окутпайт

205

Гарвард университети чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратылды. Тиешелүү буйрукка администрациянын бөлүм башчысы Кристи Ноем кол койду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, университет мындан ары чет элдиктерге студенттик виза алуу үчүн керектүү документтерди бере албайт. Ал эми учурда билим алып жаткан чет элдик студенттер башка университеттерге которулушу керек. Которулбаса депортацияланышы мүмкүн.

Администрация университетти зордук-зомбулукту, антисемитизмди жана Кытай Коммунисттик партиясы менен байланышты күчөткөндүгү үчүн жооптуу деп эсептейт.

Өз кезегинде Гарвард бул чечимди мыйзамсыз деп атап, эл аралык студенттер университетке жана өлкөгө экономикалык пайда алып келип жатканын билдирген.

Учурда университетте 7 миңге жакын чет элдиктер билим алууда. Гарвард доо арыз менен кайрылып, кампуста антисемитизм жана исламга каршы эки отчет жарыялаган. Отчетторго карата учурда администрация тарабынан жооп бериле элек.

206