7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гонконгдогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып 44 жаран каза болду, 279у белгисиз

161

Гонконгдогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, каза болгондордун саны 44гө жетти, деп CNN билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, имараттагы дагы 279 тургуну менен байланыш боло элек. Тилсиз жоодон кийин 29 адам ооруканага жаткырылган. Алардын кеминде жетисинин абалы оор.

Окуя болгон жерден 700гө жакын адам эвакуацияланган.

Көп кабаттуу үйдө 2 миңге жакын батир бар экени жана болжол менен 4800 тургун жашай турганы айтылган.

Өрттүн себеби иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт имараттардын биринин сыртында жайгашкан бамбуктан жасалган каркас жана курулуш торлорунан тутанган. Өрт тез жайылып, көп өтпөй имараттарды каптаган.

162